Мамлекеттик тарых музейинде “Техника тарыхындагы буюмдар” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

Мамлекеттик тарых музейинде “Техника тарыхындагы буюмдар” аттуу көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөгө коюлган коллекциялар Бишкек шаардык техника музейинен алынып келген.

Анда сыналгы, радио техникалары, фотоаппараттар, ченөө приборлору, техника тууралуу тарых китептери коюлган.

Техника музейи инженер-архитектор Алымкул Ташлановдун демилгеси менен түзүлгөн. Музейди уюштурууга анын эски буюмдарды оңдоп иштегени себеп болгон.

Техника тарыхын көрсөткөн бул музейде 17-кылымдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки 50 миңден ашуун буюм сакталууда. Алар Кыргызстандын бардык облустарынан чогултулган. Арасынан сейрек кездешчү сыналгыларды, телефон аппараттарын, оптикалык жана жарык берчү приборлорду жана башкаларды көрүүгө болот.

Музейдин башкы милдети - баалуу жана уникалдуу экспонаттарды сактап калуу жана жайылтуу, өлкөдө өсүп келаткан жаштардын тарыхка кызыгуусун арттыруу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан