11-12-майда Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театры Ч.Айтматовдун «Жамийла» жана казакстандык драматург Сабит Досановдун «Жанураан» спектаклдерин Казакстанда коюшат. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда маалымат жыйынында аталган театрдын жетекчиси Оросбек Айдаров билдирди.
“Жанураан” спектаклин Бишкекте койгонубузда аны көргөнү келишкен казакстандык делегаттар абдан жактырышкан. Андан соң биздин театрды аталган спектаклди өзүлөрүнүн мекенине коюп берүүгө чакырышты. Биз Ч.Айтматовдун “Жамийла” чыгармасын да тартуулайбыз. Гастроль, коюлган спектакль эки өлкөнүн чыгармачылык жактан кызматташуусуна көпүрө болуп берет деп ойлойм”,- деди Оросбек Айдаров өз сөзүндө. Мындан тышкары театрдын директору Казакстандан келгенден кийин Кыргызстандын түштүк аймагына гастролго чыгышарын белгилеп өттү.
Ал эми КРнын Эл артисти Маратбек Шарафидинов: “Алдыда коюлчу спектакль ийгиликтүү өтөт деп ойлойм, анткени ал чеберчилик менен мыкты коюлган. Биздин театрда көптөгөн таланттуу балдар бар. Алар профессионалдуу актёрлор менен тең тайлаша алышат. Ошондой эле театрда жаш артисттер көп болгондуктан, мюзикль коюу пландалууда”,- деген оюн айтты.
Маалымат үчүн айта кетсек, “Жанураан” спектакли 1986-жылдагы саясий окуяларга арналган. Анда 1986-жылы Казакстан Республикасынын КПССинин башчысы Д.Кунаевдин отставкага кетип, анын ордуна Г.Колбин дайындалгандыгы, мындан улам митинг уюштурулгандыгы баяндалат. Башкы каармандар Кайрат менен Фатима окуянын көңүл борборунда болушат. Тынчтык митингине чыккан жаштардын арасында башкы каармандардын жашоосунун өзгөрүшү менен чыгарма өнүгө баштайт. Кан төгүлгөн бул каргашалуу окуяда Кайрат "киши өлтүрдү" деп айыпталып, атууга кетет. 20 жашка гана чыккан жаш жигит акталбай, өмүрү менен кош айтышат. Бул чыгарма уулунан айрылган эненин жана сүйгөнү Фатиманын күйүтү менен соңуна чыгат. Кошумчалай кетсек, чыгармада мансап үчүн күрөшкөн, эки жүздүүлүк, акыйкатсыздык, эркиндик үчүн жан урган жарандар сүрөттөлөт.