Бүгүн, 2-майда
SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмү ырчы
Мирлан Баековдун "Кызганба" аттуу чыгармасы менен толукталды. Ырчы бул клибин тартуу үчүн 40 күндүк убактысын короткон.
"Ырдын обону жана сөзү куудул Жакут Сыдыковго таандык. Кайсы бир концертте бир баланын ырдап жатканын угуп, жактырып калган элем. Кийин Жакут байкеден сурап, ырдап чыгууну чечтим.
Клип Бишкек шаарында жана Кой-Таш айылында тартылды. Башкы каармандын ролун уролог болуп иштеген Чыңгыз аттуу досум ойноду. Ал эми кызды болсо клиптин режиссёру Эрнист Сыдыков өзү тандаган.
Кызыгы, мен клипти тартардан мурун ырымды радиолорго берген элем. Келинчегим бала менен сейилдеп жүрсө, 3-4 адам бир күндө "Сен ушунчалык кызганчааксыңбы, Мирлан "Кызганба" деп ырдап жатат го?" деп сурашыптыр. Буга териге түшкөн го, келинчегим клип тартып жаткан учурда чалып, "Сен калп эле Жакут байке жазды деп мени алдап жатасың! Өзүң эле жазсаң керек..." деп таарынды. Буга бир чети күлкүм келсе, бир чети жиним келди. Кийин "эми бул чыгарма да" деп айтсам түшүнгөндөй болду. Даяр болгондо да көрүп жактырды",- дейт ырчы жаңы чыгармасы тууралуу.