Бишкекте “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берди (фото жана видеорепортаж)

3-майда Бишкекте биринчи жолу “Ала-Тоо” эс алуу борборунун амфитеатрында легендарлуу “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берди. 1980-жылдары Германиядан чыккан бул топ убагында дүйнөнүн эң популярдуу тобу болгон. Топтун жүрөктөн чыккан хит ырларына чоңойгон улуу муундун өкүлдөрү жана жаштар бүгүнкү концертте Томас Андерстин жандуу үн менен аткарган чыгармаларына кулак төшөштү. Ошондой эле жагымдуу чыгармалар аткарылып жатканда көрүүчүлөр жарпын жаза бийлеп, ырчыны дүркүрөгөн кол чабуу, кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту.

Концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров: “Негизи эле дүйнөлүк масштабдагы жылдыздын Кыргызстанга келиши - бул өзү фантастика. Томас менен жарым жыл мурун таанышкам. Бат эле тил табышып кеттик. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ал биздин мекенге келип концерт берүүгө макулдугун берди. Көргөнүңүздөй, эл мыкты кабыл алды. Белгиленген 60 мүнөттөн узагыраак болду. Уюштуруу жагынан кемчиликтер болгон жок, бардыгы ойдогудай өттү. Таң калганым, дүйнө жылдыздары бир ай калганда концерттин жүз пайыз акчасын алышса, мен болсо Томаска келгенден кийин бердим. Канча каражатка келгени коммерциялык сыр, аны айтуунун кажети жок”,- дейт.

Болдукан Анапияева, 45 жашта, көрүүчү: “Биз студент кезде “Modern Talking” тобунун ырларына бийлечүбүз. Мен Томасты кумир тутуп, абдан жакшы көрөм. Концертке келерде ага окшош кишини чыгарып коёт го деп ишенбей жаткам. Келип анын чыгармачылыгына күбө болгонума, өзүн көргөнүмө бактылуу болуп жатам”,- деп кубанычы менен бөлүштү.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул концерттин билеттери 1000 сомдон 1500 АКШ долларына (6 адамга ылайыкталган VIP-орундуктар тамак-ашы менен) чейин сатылган. 

Томас Андерс Бишкекте концерт берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
Pegazka
2014-05-04 17:42:30
Yiywtyrychy topko.yraazychylyk.
0
pumba.timon
2014-05-04 20:20:35
Ала тоо борборунда амфитеатр? мен ката кордумбу же Кыргызстанда Ала тоо борбору барбы?Ала тоо аянты бар эле илгери Бишкек шаарында:)))))
-1
fara2503
2014-05-04 23:48:57
pumba.timon, ээ дос Бишкекте чоон эс алуучуу борбор ачылган . эмне кааласан баары бар анын аты Ала Тоо
+1
Liza83
2014-05-04 21:39:16
Сонун!Чонтогу калындар учун болгон го бул концерт..."Ала-Тоо" борборун мен да билбейт экемин.
0
ermekbaevna
2014-05-04 22:55:37
nurgultoktogul сен деле куч келгенде ошончо акча коротуп бармак эмессин,олуп калсан деле калат да дегенин менен , кой олуп калгыча деп бир нерселерди ала коюп жумшамаксын акчанды, бирок концертке бармак эмессин.
0
tinatin_21
2014-05-04 23:43:31
Ала -Тоо борборунун ачылганына канча жыл болду,, Ала -Тоо аянты башка, ал эми Ала -Тоо борбору башка. Тактап айтканда, центр отдыха "Ала -Тоо" деп сурасаныздар болот)))
+1
deva
2014-05-05 00:28:03
Мезгилден артта калгандар коп экен арабызда, Ала-Тоо эс алуу борборун билбеген.
0
Liza83
2014-05-05 20:21:34
deva, себеби коп жылдан бери чет жактабыз!
0
deva
2014-05-05 00:31:42
Концерт 1500 доллар болушу толук мумкун, озгочо орундуктар деп коюшат го, тамак-памагы менен. Буларын жон акчага келбейт да. 1500 доллардан кылбаса Ислам брат аны кайдан тапмак эле, озунор деле ойлобойсунарбы. 10 чакты орунду сатса керек да 1500 доллардан
0
syltanmyrat2013
2014-05-05 03:01:15
Мени баарынан кубантканы элдин маанайы жакшы анан ал жерде коп улуттун окулдору бар экен бул деген биздин калктын денгээлинин жогоруланганынын белгиси
+1
tagokg
2014-05-05 09:48:50
орустар телефонго тартпай эле коруп олтурушат, биздикилер болсо...
+2
Liza83
2014-05-05 20:19:08
tagokg, жакшылап коруп чыксаныз бар...
0
Aziyat
2014-05-05 12:30:36
Чыныгы чоң концерт болуптур.Таң калдым. Азаматсыңар!
0
Мэри
2014-05-06 10:09:42
Ушундай дүйнө жылдыздарынын Кыргызстанга келиши абдан кубанычтуу, аны уюштургандар да азаматтар.
0
mairambek93
2014-05-06 11:43:52
Суппер сонун болгонго...
0
inoplanetyanin
2014-05-06 12:32:37
Brother Louie Louie Louie
Oh she's only lookin' to me
Oh let it Louie
She's under cover
Brother Louie Louie Louie
Oh doin' what he's doin'
So leave it Louie
'cause I'm her lover

ох аттаа, сонун болгон тура,билсем бармакмын!
0
fea1990
2014-05-06 14:40:36
соонун болуптур
0
Almanbet
2014-05-17 15:07:25
Томас Андерс биринчи жолу келип атат да KGга,отдущи болуптур. Ислам Сатаровко рахмат жана ийгилик, дагы ушундай дуйнолук ырчылар келип турушса, Мисалы C.C.Catch дегендей,анда Кыргызстанды коп эл тааныйт. +++++++
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан