Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 11-май күнү "Мекеним менин жүрөгүмдө" аттуу концерт өтөт. Иш-чара "Балажан" эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда. Уюштуруучулардын айтымында, концерт КРнын Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата өткөрүлгөнү жатат.