Бишкектеги Улуттук китепканада 10-май күнү "Индия кечеси: Маданият. Илим. Түбөлүктүүлүк" аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Маалым болгондой, орусиялык жазуучу
Александр Хакимов лекция окуп, журналист
Жамбы Жусубалиеванын Индия жөнүндө сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.
Ошондой эле
Илья Каримжанов менен
Диана Рахманованын "Индиядагы 17 күн" аталышындагы сүрөттөрү көрсөтүлөт. Мындан сырткары Алматыдан келген бийчилер улуттук бийди бийлешсе, музыканттар да өнөрлөрүн тартуулашат. Программага йога-шоу жана Индия ашканасы да киргизилген.