Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстандын тарыхындагы медалдар жана төш белгилер” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

Мамлекеттик тарых музейинде коллекциячы Александр Шафирдин “Кыргызстандын тарыхындагы медалдар жана төш белгилер” аталышындагы көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө үстөлгө коюлуучу 75 медаль жана мааракелик, сувенир өңдүү төш белгилерден 911 даана коюлган.

Сыйлык тарыхы – баатырдыктын, окуянын асыл металлдарга чегерилип, чагылдырылышы. Анткени ар бир сыйлыктын артында мамлекеттин даңктуу баракчасына түшүрүлгөн өзгөчө адамдын тагдыры турат.

Кыргызстанда медалдар биринчи жолу орус бийлигинин мезгилинде пайда болгон. Аны Москвада жана Ленинградда монета чыгаруучу ишканалар жасап чыгарчу. 

Кийинчерээк Кыргызстанда айрым төш белгилерди “Кыял” ишканасы чыгара баштаган. Көптөгөн үстөлгө коюлуучу медалдарды Бишкек машина куруу заводу жасаган.

Белгилей кетсек, коллекциячы Александр Шафир 1935-жылы туулган. 14 жашында Москвадагы артиллериялык даярдоо окуу жайына тапшырып, турмушун аскердик жашоо менен байланыштырат. 1999-жылдан тарта ведомстволук сыйлыктарды штамптоо методу менен иштеп чыгууну колго алат. Анын биринчи медалы “Аскер кызматында өзгөчөлөнгөн” деген кол эмгеги болгон. 2009-жылы авторлош болуп “Эгемен Кыргызстандагы ведомстволук сыйлыктар”, 2010-жылы Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арнап “Кыргызстандын тарыхындагы медалдар жана төш белгилер” аттуу китебин жарыкка чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан