Өзбекстандык ырчы, 35 жаштагы Райхон 1-майда түшкө жакын эгиз уулду жарыкка алып келди. Көп өтпөй ырчы күйөрмандары менен бул кубанычын тең бөлүшүп, жеке баракчасына эгиздеринин сүрөтүн илген. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары бүгүн, 6-майда жазып чыгышты.
Ырчы жолдошу Йигитали Мамажанов экөө ымыркайларга Ислам жана Имран деген ысым ыйгарышкан.