Ак-Сай айылында 3-4-майда болгон окуяга байланыштуу кыргыз тараптан жарандар арасында жабыр тарткандар жок. Учурда чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Дилара Парпиева билдирди.
Маалым болгондой, материалдык жактан зыян тарткандыгы боюнча жергиликтүү бийликке расмий кайрылуулар келип түшкөн эмес. Ал эми тажик тараптан да зыян келтирилгендиги боюнча расмий билдирүүлөр болгон жок. Эске салсак, 3-май күнү бодо малын Улар жайлоосуна айдап бара жаткан Ак-Сай айылынын тургунун тажик жарандары өткөрбөй коюшкан. Мындан улам кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп салышкан.
Ошол эле учурда тажик жарандары дагы Баткен-Исфана унаа жолун жабууга аракет кылышкан. Бирок ага чек арага жакын жайгашкан кыргыз жарандары каршы чыгышып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган. Анын кесепетинен эки тараптан бирден унаа талкаланган эле.