Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору тиешелүү медициналык жабдыктар менен жабдылган Фольксваген үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаасына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда аталган борбордон билдиришти.
Маалым болгондой, бул колдоо Каталониядагы Дене тарбия институтунда окуган Рожер Истив, Серги Серезо жана Ана Седано аттуу студенттердин дипломдук иши катары көрсөтүлүүдө. Алар ЮНИСЕФ уюмунун алдында “Кыргызстандын жылмаюусу” аттуу долбоор иштеп чыгышкан.
Андан сырткары Бишкекке чейин 25 күн жол жүрүп келген Барселона шаарынын студенттери Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы спорттук мектептерге да тийиштүү жабдыктарды тартуулашмакчы.