Быйылкы окуу жылында кызыл аттестатка талапкер 1200дөн ашуун окуучу бар

2013-2014-окуу жылында артыкчылык аттестатына талапкер 1273 мектеп бүтүрүүчүсү бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик тарабынан артыкчылык аттестатына талапкерлердин окуудагы жетишкендиктерин баалоо үчүн 7-май күнү Бишкек шаарында жана бардык облустарда эне тили, алгебра, Кыргызстандын тарыхы, мамлекеттик жана орус тилдери боюнча тесттик сынактар өткөрүлмөкчү.

“Учурда жалпысынан аймактарда 24 тесттик борбор иш алып барууга даяр. Тесттин жыйынтыгы 5 күндүн ичинде толугу менен текшерилип чыгарылмакчы”,- деп билдирет басма сөз кызматынан.  

2011-жылы артыкчылык аттестатына талапкерлердин саны 3 миңден ашуун болгон. Бирок жогорку билим деңгээлин 95 окуучу гана тастыктай алган. Ал эми 2012-жылы 1921 бүтүрүүчүнүн 241и (12,5 пайызы) гана өз билимин жогорку деп тастыктай алганы маалым.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aitunuk
2014-05-06 20:18:36
Эң жакшы, мектептеги коррупцияны жоюунун бир жолу. Бирок ушул жерде да суйлошуулорго жол берилет.
0
Sharipa-asia
2014-05-06 21:50:10
Болсун болсун
0
talant87
2014-05-06 22:29:49
Кызыл- кок же башка аттестат алсанда окууга барсан акча акча акча дейт окуу окуу жана окуу дебейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан