Бүгүн, 6-майда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Улуу Согуш жолу балдардын көзү менен” көргөзмө-сынагынын ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө Улуу Жеңиш күнүнө жана Беларусту фашисттерден бошотуунун 70 жылдыгына арналган.
Аземге Беларусь мамлекетинин КРдагы элчиси Виктор Денисенко, Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Алексей Зенько, коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова катышты.
Аталган көргөзмөгө Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Шаардык балдар сүрөт мектеби жана “Балажан” республикалык методикалык борборунун тарбиялануучуларынын эмгектери коюлган. Алардын арасынан иргелип алынган мыкты тартылган сүрөттөр төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
Жогорку жаштагы категория боюнча:
1-орун – Дарика Бакеева
2-орун – Екатерина Жукова
3-орун – Вероника Залесская
Орто жаштагы категория боюнча:
1-орун – Дмитрий Лихолетов
2-орун – Мадина Эгембердиева
3-орун – Вероника Чумачок
Кичүү жаштагы категория боюнча:
1-орун – Ильяна Бекболотова
2-орун – Аманбек Өмүрбеков
3-орун – Анель Абдылдаева
Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго чакан концерттик программа да тартууланды.
Белгилей кетсек, бул көргөзмө 11-майга чейин уланмакчы.