Кыргызстандагы ар бир бешинчи мечит каттоодон өтпөгөнү аныкталды

Кыргызстандагы ар бир бешинчи мечит тиешелүү каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан концепцияда айтылууда.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Кыргызстанда иштеп жаткан мечиттердин 20 пайызы тиешелүү документи жоктугуна байланыштуу диний иштер боюнча мамлекеттик органдын каттоосунан өткөн эмес. Өлкөдө жалпысынан 2362 мечит жана 80 медресе бар. Маалым болгондой, мечиттерди каттоо ишинин үзгүлтүккө учурап жатканы диний тармакты тескөөчү укуктук-нормативдик жоболордун так эместигинен жана мечит курууда тиешелүү нормалар сакталбаганынан улам болууда. 

Белгиленгендей, намазкана деп курулуп, айрымдарында ар кандай диний үгүт иштери жүргүзүлгөн учурлар арбын кездешүүдө. Андан сырткары мыйзамда намазканалардын эч кандай жобо менен тескелбегени да айтылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан