Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн

Эртең, 7-майда Бишкектин айрым райондорунда көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Күрөңкеев, Фёдоров, Эркиндик көчөлөрүндө, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Урицк, Ат-Башы көчөлөрүндө №398, 139-көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.  

Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулук районундагы Маловодное, Кызыл-Туу (батыш жагы) айылдарында, Сокулук айылында (Киров, Ленинград, Школьная, Ош, Москва, Жеңиш көчөлөрүндө), Романовка айылында (Озёрная, Пионерская көчөлөрүндө), Ленин, Таш-Мойнок, Таш-Дөбө, Воронцовка, Байтик, Арчалы, Кашка-Суу, Малиновка айылдарында "Главная", "25 лет Кыргызстана", "Кашка-Суу", "Маловодное", "Ботбаев" көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан