Ош шаарынын Жим кичи районундагы люктар каралбай жатат. Мындай билдирүүнү 6-майда жергиликтүү тургундар даттануу иретинде билдиришти.
Калыс аттуу айым: "Ар күнү ушул көчөдөн өтөбүз, кудуктар ачык бойдон. Балдар түшүп кетсе эмне болот? Бул үйдө ондон ашуун жаш бала бар, тереңдигин карап көрсөңөр, чоң адам түшүп кетсе да соо чыкпайт. Кечкисин көрбөй түшүп кетсе эмне болору баарыбызга белгилүү. Мындай тешиктерди жаппай Суу башкармалыгы эмне менен алек болуп жатканын билбейбиз",- деди.
Ал эми Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Кокочоров буларды айтат:
"Кудуктардын капкактарын уурдап кетишүүдө. Айлабыз кетип цемент менен жаап коёбуз. Биздин кызматкерлер барып ачкан болсо, кайра жаап келишет. Эмнеге ачык таштап койсун? Аны ошол тургундар өздөрү ачышат. Билбейм кайсы максатта ачышарын”.
Эске салсак, быйыл 22-апрелде Кара-Суу районунун Ташлак айылында капкагы ачык кудукка 4 жашар кыз түшүп кетип каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгында кыз кудуктун ичинде 4 саат туруп калганы аныкталган эле.