Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата майрамдык салтанат Жалал-Абад шаарында 9-майда алгач "Жеңиш" эс алуу багындагы согуштун каармандары үчүн тургузулган эстеликке гүл коюу менен башталат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул күнү Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин 90 жылдыгына карата курулган эстеликтин ачылыш аземи өтөт.
"Телтору" ат майданында атайын согуш каармандарын чагылдырган театрлаштырылган көрүнүштөр менен коштолгон оюн-зоок, концерттик программа менен өтөрү айтылды.