Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 43 ардагери бар. Алардын 18и карылыктан төшөктө жатып, жакындарынын карамагында. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төшөктө жаткан ардагерлерге майрамдык белектерди шаар жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары үйлөрүнө алып барышат.