Ош шаарындагы коомдук транспорт каттамында өзгөрүүлөр болду

Ош шаарындагы коомдук транспорт каттамында өзгөрүүлөр болду. Алар №2-каттамындагы автобус, эми ХБК кичи райондорунан баштап Монуев көчөсү боюнча жана Түштүк-Чыгыш кичи райондору тарабынан өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин №2-автобус Түштүк-Чыгыш кичи району тараптан Масалиев атындагы көчөсү боюнча түз өтүп, Араван көчөсү аркылуу каттачу. Ал эми №12-автобусунун каттамы эми Батыш кичи районунан Ленин көчөсү аркылуу Грензавод тарапка өтөт. Андан ары Гагарин көчөсү боюнча Навои көчөсүнө чейин жүрөт.

Мурун бул каттам жаңы көпүрөдөн Масалиев атындагы көчөсү тарапка бурулуп кетчү.

Белгилүү болгондой, каттамдын өзгөрүшү Ош шаарынын коноктору жана жашоочулары үчүн ыңгайлуулук түзүү максатында өзгөртүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан