Орусиялык ырчылар Анастасия жана Мария Толмачёвалар "Евровидение-2014" сынагынын финалына өтүштү

Кечээ, 6-майда Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын биринчи жарым финалы болуп өттү. Анда Орусиянын атынан ат салышып жаткан ырчылар, эгиз бир туугандар Анастасия жана Мария Толмачёвалар Филипп Киркоров жана Димитрис Конотопулос жазган "Shine" аттуу композицияны аткарып, сынактын финалына өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, биринчи жарым финалда Орусиядан тышкары Черногория, Венгрия, Армения, Азербайжан, Сан-Марино, Украина, Швеция, Нидерланды жана Исландия ырчылары тандалып алынган. Эртең, 8-майда сынактын экинчи жарым финалы өткөрүлөт. Ал эми финал 10-майга белгиленген. 

Белгилей кетсек, быйыл бул сынакка жалпысынан 37 өлкөнүн таланттары ат салышкан. 

Евровидение-2014: Толмачёвалар - "Shine", Россия! (жарым финал)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
upol92
2014-05-08 03:03:56
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан