Ысык-Көл ОИИБинин демилгеси менен 10-майда Каракол шаарында “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” деген ураан астында веложүрүш болот. Ага Каракол шаарындагы ЖОЖдордун студенттери жана орто мектептердин окуучулары катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.
Жаштар арасында өзгөчө байкалып жаткан диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууга, жаштарга туура түшүнүк берүүгө багытталган акцияга профессионал спортчулар да, спорт сүйүүчүлөрү да велосипеддин кандай типте экенине, жаш курактарына карабай катыша алышат.