Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 9-10-11-класстарынын окуучулары, Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери жана алардын мугалимдеринин катышуусунда 10 чакырым аралыкка марш-бросок менен жүрүш жасалды. Бул тууралуу 7-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага жалпысынан 500дөн ашуун адам катышып, алгачкы аскердик даярдыктардан өтүштү. Аларга милиция кызматкерлери тарабынан күжүрмөн даярдык боюнча сабактар өтүлүп, орнотулган буталарга Макаров тапанчасынан, Калашников автоматынан ок атышып зачёттук сынактарды тапшырышты.
Аягында мектеп окуучулары, студенттер граната ыргытуу, эстафета, аркан тартыш жана кол күчүн сыноо боюнчаат салышышып, жеңген командаларды Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги диплом жана баалуу белектер менен сыйлады.