Ош мамлекеттик университетинде спорт аянтчасы ачылды

6-майда Ош мамлекеттик университетинде волейбол, баскетбол боюнча спорт аянтчасынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты. Маалым болгондой, спорт аянтчасы ОшМУнун Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасында жайгашып, анда волейбол, баскетбол аянтчасы менен биргеликте спорт оюндарын көрүүгө ылайыкташкан орундуктар да жайгаштырылган.

Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн ректор Каныбек Исаков: «Жаштар жүргөн жерде ден соолук, спорт, кыймыл болушу керек. Спортко көңүл буруу менен окутуучуларыбызды, студенттерибизди сергек жашоого үндөп жатабыз»,- деди.

Айта кетсек, аянтчанын ачылуу аземинен кийин окутуучулардын, студенттердин курама командаларынын катышуусундагы волейбол оюну боюнча чемпиондук башталды. Мелдеш ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин жана студенттердин ден соолугун чыңдоо, аларды сергек жашоо образына калыптандыруу максатында уюштурулуп, жалпысынан 50 миң сом байге фонду коюлган. Оюн эки күнгө созулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан