Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташууда (фоторепортаж) 

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Улуу Жеңишинин 69 жылдыгына карата ардагерлерди куттукташууда.

Бүгүн, 7-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев легендарлуу Панфилов дивизиясынын аскери, ардагер, Кыргыз Эл акыны, 92 жаштагы Сүйүнбай Эралиевге барып, алдыдагы Жеңиш майрамы менен куттуктады. Генерал ардагерге акчалай сыйлык түрүндө жардам көрсөттү жана 10 килограммга жакын салмактагы азык-түлүк тапшырды. Андан соң Алымкожоев акын менен жашоо-турмушу жөнүндө баарлашып, 9-майда Бишкекте өтүүчү митинг-реквиемге чакырды. 

Мындан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаев менен жолугуп, акчалай сыйлык жана азык-түлүк тапшырды. Полковниктин айтымында, учурда Кыргызстанда жаштардын арасында чыныгы патриоттор бар. “Сиз аларга ар дайым үлгү болоруңузга мен ишенем. Кыргызстан сиз менен сыймыктанат”,- деп куттуктады Субанкулов.

Ушул сыяктуу куттуктоо иш-чаралары 7-8-май күндөрү өтөт. Ушул күндөрү аталган штабдын жетекчилери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ар биринин жашаган жерине барып куттукташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursyi
2014-05-07 14:35:51
. Баатырларга данк!
+1
Мэри
2014-05-07 15:28:15
Оо, Азиз Нарынбаев агай мага сабак берген да. Бар болуңуз, ден соолугуңуз чың болсун, майрамыңыз менен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан