Чолпон-Ата шаарындагы азиз жана көзү жакшы көрбөгөн балдарга комузда ойноо үйрөтүлүүдө

24-апрелден 1-майга чейин Чолпон-Атада “Жаштардын көйгөйлөрүн чыгармачыл аракеттенүү менен чечүү” долбоорунун негизинде үчүнчү семинар өткөрүлгөн. Семинарга көз оорусунан жабыркаган балдардын мектеп-интернатынын окуучулары жана борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери катышышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө 12 бала тандалып алынып, учурда алар “Эн белги” системи менен комузда ойногонду үйрөнүп жатышат. 

Белгилей кетсек, “Эн белги” системи - бул мелодияны эзелки угулуусунда аткарууга, өзүнүн репертуарын көбөйтүүгө, импровизация чеберчилигин жана ойноо техникасын курчутууга, элдик мелодияларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Эн белги” методикасын интенсивдүү үйрөнүүдөн тышкары семинардын программасына катышуучулардын ар тараптуу өнүгүшүнө арналган иш-чаралар уюштурулган.

ул долбоорду “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү аркылуу “Айгине” маданий-изилдөө борбору ишке киргизген. Долбоордун отчёттук концерти 26-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт",- деп билдиришет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
edu.kg
2014-05-07 16:28:38
Эн жакшы! Жок дегенде ушул сыяктуу балдарыбызга комок корсотойлу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан