Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында 5-майда саат 18:00 чамасында Кичи-Алай айылында жүргөн селдин кесепетинен Культцентр - Кичи-Алай унаа жолунун 3-11-чакырымдарынын аралыгы сел калдыктарына (таш-шагыл) толуп, унаа жолун тосуп калган. Бул жол бүгүн, 7-майда бир багытка ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, унаа жолду сел калдыктарынан тазалоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн сел жүргөн жерге 6-май күнү ӨКМнын Араван райондук бөлүм башчысы, Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы, ЖЭМ-21 ишканасынын башкы инженери жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси барып келишти. Жолду сел калдыктарынан тазалоо иштерине 1 жеке менчик жүктөгүч тартылып, ал бир багытка ачылды.