Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бүгүнкү күндөгү саны 1410ду түзөт. Алардын ичинен 390у согушта майып болуп калгандар болсо, 949у согуштун катышуучулары. Алардын катарында жашы жете элегинде туткунга алынган 36 жаран жана блокадада калган 35 жаран бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин 30-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, 2014-жылдын 1-майынан тарта согуштун ардагерлери өмүрлөрүнүн акырына чейин 3000 сомдон стипендия алышат. Бул каражат президенттик фонддон каралат.