Бүгүн, 7-майда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” деген аталышта митинг-реквием өттү. Иш-чара согуштан каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.
“Өлбөс полк” митинг-реквиемине борбордун 4 районунан 200дөн ашуун мектеп окуучусу катышты. Алар өздөрүнүн чоң аталарынын жана согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн колдоруна кармап турушту.
Митинг-реквием мындан эки жыл мурун Томск шаарында алгачкы жолу уюштурулган. Андан бери бул иш-чара Орусия, Украина, Казакстан жана башка жүздөгөн шаарларда улантылып келүүдө. Аталган иш-чарага быйыл шаардык кеңештин демилгеси менен Бишкек шаары да кошулду.
“Өлбөс полк” акциясына кошулганыбыздын бирден-бир себеби - биздин келечек муундун Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыбызды эстеп жүрүүсүн шарттоо. Биз келечек муунду ата-бабаларыбыздын эрдигин үлгү кылып жана мекенчилдик сезимин өрчүтүү менен тарбиялашыбыз керек”,- деди шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов.
Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 459 ардагери, 2400 ооруктагы эмгекчи жана блокада ардагерлери бар. Бул иш-чарага 60тан ашуун согуш ардагери катышты. Тилекке каршы, калгандарынын ден соолугу начарлап калган. Дээрлик бөлүгү ордунан жыла албайт.