Ош шаарынын жолдорундагы жөө жүрүүчүлөр үчүн чийилген сызыктар 26-апрелден тарта сырдалып баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 2 атайын жумушчу топ иш алып барууда. Ош шаардык МАИнин Курулуш-монтаждоо эксплуатация башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ажимаматовдун айтымында, учурда жумушчу топ "Алай" мейманканасынан баштап Ош шаардык мэриясынын жанына чейинки сызыктарды сырдап, жалпысынан 1000 квадратка чейинки аянт бүткөрүлдү.
Айта кетсек, жол сызыктарын чийүү иштери ушуну менен окуу жылы башталар алдында кайрадан жаңыртылат.