Жалал-Абад. Ала-Бука районунда өспүрүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү

6-майда Ала-Бука районунда 9-Май - Улуу Жеңиш майрамына карата Ала-Бука райондук мамлекеттик  администрациясы жана Ала-Бука РИИБинин демилгеси менен өспүрүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Ага Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Токтогул, Аксы, Чаткал райондорунун жаш өспүрүмдөрүнөн турган 7 курама команда катышты. 

Жыйынтыгында 1-орунду Ала-Бука районунун командасы, 2-орунду Кара-Көл шаарынын курама командасы алса, 3-орунга Токтогул районунан келген жаш футболчулар татыктуу болушту. Жеңүүчүлөр кубок, диплом, баалуу белектер жана медалдар менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-05-07 15:11:38
Алабукада спортчулар коп бири Алмаз Райымкулов
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан