Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Маданият үйүндө Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан Көк-Серек, 1-Май, Ак-Там, Орукту, Ала-Бука, Көк-Таш, Ак-Коргон, Балтагулов айылдык округдарынан келген жаш таланттар арасында «Ынтымак-Достук» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Сынакты Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын акими Алымкул Кулиев ачып берди.
Ага РИИБдин башчысы Асылбек Бийчиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сонунбек Акпаралиев катышты.
Кароо-сынактын соңунда 1-орунга Орукту айыл округунун жаш таланттары ээ болушуп, диплом жана ар бири 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Балтагулов айылдык округунун жаш таланттары багынтып, диплом жана ар бирине 2000 сомдон ыйгарылды. 3-орунга Көк-Таш, 1-Май айылдык округдарынын жаш таланттары татыктуу болуп, ар бири 1500 сомдон сыйлык алышты. Калган айылдык округдардан келип катышкан жаш таланттардын командаларына 1500 сомдон тапшырылды.