Бишкекте күч алган менингит оорусунан улам бир айда ооруканага 41 бейтап кайрылган

Бишкекте менингит (мээ кабыгынын оорушу) илдети менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин аталган илдет менен 41 бейтап кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин аталган ооруканага мээнин чел кабыгынын сезгенүүсү менен 41 бейтап кайрылган. Анын ичинен 16сы чоң кишилер, 21и өспүрүмдөр, 1 жашка чейинки 7 бала, 5 жашка чейинки 12 бала, 5 жаштан жогору 6 бейтап кайрылган. Ал эми былтыр апрель айында болгону 7 бейтап кайрылган. Анын 6сы жаш балдар болгон.

“Менингит же мээнин чел кабыгынын сезгенүүсү - жугуштуу оорулардын бири. Ал илдет көбүнчө аба аркылуу жугат. Аталган илдет менен жабыркаган бейтаптан 1-1,5 метр аралыктан эле жугуп калышы мүмкүн. Оорунун эң биринчи белгилери: дене табынын көтөрүлүшү жана буттун терисинде жылдызча же бүдүр болуп кызарып чыккан темгилдер. Эгер ушул сыяктуу белгилерди байкасаңыздар, дароо ооруканага кайрылыңыздар. Себеби дээрлик бейтаптардын ден соолугу дароо начарлап кетип, 1 сутка ичинде эле комага түшүп калышы мүмкүн”,- дейт Г.Аалиев.  

Дарыгердин айтымында, мээнин чел кабыгынын сезгенүүсү бат өрчүп, чел кабыктын ириң басып кетишине алып келет. Андан соң бейтап комага түшүп калышы толук ыктымал. “Бир айдан ашуун убакыттын ичинде шаардан 31, аймактан 10 бейтап кайрылды. Анын ичинен 17си оор абалда кайрылган. Учурда аталган илдеттен улам 18 жаштагы кыз комада жатат”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Saltanat...
2014-05-07 15:39:01
Кошмар, кудай сактасын.
0
Biinura
2014-05-07 16:05:52
Илгери суук отту же болбосо коз тийди деген 2 эле илдет болчу экен, азыркы илдеттердин атына тилин келбейт. Кудай сактасын.
+1
altysha.kg
2014-05-07 17:12:34
Аллахым оорулууларга шыпаа бер.Мындай оорулардан озун алыс кыл,Боорукер жаратканым озун дарт бердин,шыпаасында кошо бере кор Аллахым амииинь.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан