Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата оюн-зоок тартуулады. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мектеп окуучулары катышышты.
Программада таланттуу чыгармачыл жамаат кызыктуу номерлери менен эл алдына чыгып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
“Жыл санап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азаюуда. Кийинки муундун жаркын келечеги үчүн күрөшкөн ата-апаларды сый-урматка бөлөө үчүн бүгүнкү программаны уюштурдук”,- дейт манеждин инспектору Клара Тажиева.