Караколдо Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына арналган веложүрүш өтөт

Каракол шаарында 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына арналган веложүрүш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын мэриясы веложүрүшкө бардык жаштагы каалоочулар катыша аларын эскертет. Иш-чаранын катышуучулары борбордук аянтка чогулуп, жүрүшкө саат 10:00дө старт берилет. Жүрүш саат 10:45те "Жеңиш" сейил багында аяктайт.

Веложүрүш Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын патрулдук унааларынын коштоосуна өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан