9-майда Ысык-Көл облусунда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата бир топ майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
Анын айтымында, 9-майда аталган облустун ар бир райондорунда жана шаарларында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, оорук эмгекчилеринин катышуусунда митинг-реквиемдер өтөт. Иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышышат.
“Учурда окуу жайларда 1941-1945-жылдары болгон согушка арналган конференциялар, сынактар жана тегерек столдор уюштурулууда”,- дейт Муканбетова.