Кыргызстандын мектептеринде Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган класстык сааттар, ар кандай сынактар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-майдан тарта согуш ардагерлеринин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен тегерек столдор өтүүдө. Ар бир мектептин жанында жашаган согуш ардагерлеринин тизмеси түзүлүп, аларга окуучулардан турган топ үй оокаттарына жардам көрсөтүүдө.
Андан сырткары республикадагы бардык мектептерде 8-майдан тарта “Баатырдык сабактары” деген аталыштагы сабактар өткөрүлмөкчү.
Окуучулар арасында жарыяланган “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” деген аталыштагы сүрөт сынагы 5-май күнү аяктады. Ал эми 14-май күнү патриоттук ырлардын финалы өтөт.