Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 6 жаштагы балдарды кабыл алды

Бүгүн, 7-майда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Аврора” балдар бакчасынын 6 жаштагы тарбиялануучуларын кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр балдарды Жеңиш күнүнө карата таттуу менен тосуп алды. “Силердин чоң ата-чоң энелериңер биздин бактылуу жашообуз үчүн күрөшүшкөн. Бүгүн биз силердин жашооңор үчүн баарын кылууга аракет кылып келебиз”,- деди ал жаштарга Жеңиш күнүнүн маанисин түшүндүрүп жатып. “Биз үчүн жаштардын ойлонбой, чоңдордун маселелеринен таасирленбей, бактылуу чоңойгону маанилүү” деп кошумчалайт министр.

Бул жолугушуу Түштүк Корея колдоого алып жаткан “Аврора” санаторийинин социалдык долбоорлору менен таанышуунун алкагында орун алды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан