Улуттук китепканада Улуу Жеңиш күнүнө арналган көргөзмө өттү

Бишкектеги Улуттук китепканада Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда аталган китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Ата Мекен коргоочуларынын эрдиги менен баатырдыгын, фашизмге каршы күрөш жүргүзүүдөгү достук менен туугандык мамилесин жана ооруктагы эмгекчилердин эрдигин сүрөттөгөн китептер, макалалар жана граммофон пластинкалары орун алган.

«Жеңиш үчүн кыргыз баатырларынын кошкон салымы чоң. Жүз миңдеген кыргызстандыктар өз жеринин көз карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн фашисттик баскынчылар менен баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат. Биздин мекендештерибиздин жана панфиловчулар Г.Конкин, И.Москаленко, Д.Шопоков, Ч.Түлөбердиев, Т.Петренко, Н.Ананьев, Г.Шемянин, Т.Бегелдинов, Т.Жумабаевдин ысымдары эч качан унутулбайт»,- деп билдирет басма сөз кызматынан.

150 миңден ашуун адамга орден, медалдар тапшырылып, 73 катышуучу Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан