Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында 20 киши тоок этинен жасалган шишкебектен ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов билдирди.
“Жабыр тарткандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул үй-бүлө Масы айылындагы "Эркин Ахун-Ата" кафесинде 1-май күнү отуруш уюштурушкан. Алардын баары тоок этинен жасалган шишкебек жешкен. Арткан тоок этин үйлөрүнө ала кетишкен. Отуруштагы үй-бүлөнүн 20 мүчөсүнүн 9у 16 жашка чейинки балдар. Алар 2-3 күн өздөрүн жаман сезип, жүрөктөрү айланып, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан”,- дейт Ш.Рыскулов.
Жабыр тарткан 3 жаран Майлы-Суудагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө,12 киши Ноокен аймактык ооруканасына жаткырылып, 4 бейтапка амбулатордук дарылануу сунушталган. Учурда үчөө үйүнө чыгарылды. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан кафенин иши убактылуу токтотулду. Тергөөнүн толук жыйынтыгы текшерүүдөн соң чыгат.