Эртең, 8-майда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу улантылып, ага байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бакай-Ата конушунда (Анар, Ак-Балта, Ырчы-Уул, Эр- Табылды көчөлөрүндө), Эне-Сай конушунда (№1, 3, 4-үйлөрдө), Ак-Тилек конушунда (Кырк-Чоро, Чалдыбар, Мажүрүм-Тал көчөлөрүндө), Алтын-Ордо конушунда (№5, 6, 7, 8-үйлөрдө), Дордой конушунда (Эмгекчил-7 көчөсүндө), Учкун конушунда (Коңур-Өлөң көчөсүндө) "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат.