Шаарды өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында «Бишкек – UPGRADE» аталышындагы сынак жарыяланды

Бишкек шаарында биринчи жолу өткөрүлүүчү урбанистикалык форумга даярдыктардын алкагында “Жаштар маданий борбору” коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосунда «Бишкек – UPGRADE» аталышындагы долбоорлордун жана идеялардын сынагын өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конкурс шаарды өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында өткөрүлүп, шаардын борборун, чет жакаларын, жаңы конуштарды, шаарды жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча жаштардын инновациялык, активдүү ишмердигине багытталган.

“Калааны шаар тургундары түзөт жана аны өнүктүрүүнүн бир дагы стратегиясы шаардыктардын катышуусусуз ийгиликке ээ болбойт. Биз шаарды элге кайтарып берүүнү сунуш кылабыз жана келечекте шаарды шаар бийлигинин, коомдук уюмдардын, пикирлештердин тобу, бизнес-компаниялар менен бирге курабыз”,- деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
c-keeper
2014-05-07 19:00:13
кыргызчасы жок бекен конкурстун
0
edu.kg
2014-05-07 22:06:57
аа тузук мунунар. Борборубузду жакшы жагын оогонун корсок кана.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан