Бүгүн, 8-майда Оштогу Онкология борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Абакир Эсенбаев маммолог адистеринин жетишпей жатканын билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы аялдардын көкүрөк безине 270 операция жасалган. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 32ге жеткен.
“Жылдан-жылга онкология оорусуна кабылгандардын саны көбөйүп жатат. Биздин борбор 100 гана орунга ылайыкташкан. Анын арасында терапия, хирургия, гинекология бөлүмдөрү бар. Бардыгында бейтаптар толуп турат. Кезек күткөндөрдүн саны көп. Алар кээде 5 күн, кээде 10 күн кезек күтүп калышат. Анан да маммологдор жетишпейт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Жалал-Абад жана Баткен облустарына да онкология борборлорун ачуу керек”,- дейт ал.
Айта кетсек, Оштогу Облустар аралык онкология борбору өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлеген жалгыз борбор болуп саналат.