Жалал-Абад. Артыкчылык аттестаты менен бүтүрүп жаткан окуучулар кыргыз тили жана орус тилдеринен сынак тапшырышты

Жалал-Абад шаарындагы мектептерди артыкчылык аттестаты менен бүтүрүп жаткан окуучулардан КРнын Билим берүү министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун кызматкерлери келип сынак алышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ага жалпысынан шаар ичиндеги мектептерден 57 окуучу катышты. Билим берүү министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун методисти Гүлжамал Момбекованын айтымында, артыкчылык аттестатына умтулган бүтүрүүчүлөр математика, тарых, кыргыз тили жана орус тили сабактарынан сынак беришет жана бул сынактын жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгарылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан