9-май күнү Ош шаарында ардагерлердин катышуусунда улуттук оюндар жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата Дене тарбия жана спорт комитетинин уюштуруусунда аркан тартыш, тогуз коргоол, ордо өңдүү улуттук оюндар орун алат. Андан тышкары шахмат, стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештер уюштурулат.
Айта кетсек, аталган иш-чара Навои атындагы сейил бакта өтөт жана оюндарга согуш ардагерлеринин катышуусуна басым жасалат. Мыкты оюнчуларга Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер берилет.