Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды тамак-ашты пайдаланууда этият болууга жана анын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда аталган министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
“Күн жылыганына байланыштуу эң биринчи эле тамак-аштын сапатына көңүл бурууга чакырам. Эске салсам, 3-май күнү Жалал-Абаддын Ноокен районундагы бир кафеден шишкебектен 20 адам ууланып, ооруканага түштү. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондон улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери тамак-ашка колдонулуучу азыктарды сатып алууда анын колдонуу мөөнөтүнө көңүл бурууга чакырат”,- дейт Б.Исмаилова. Анын айтымына караганда, мыйзам боюнча, саламаттыкты сактоо кызматкерлери коомдук жайлардагы абалды каалаган учурда барып текшерүүгө акысы жок болгондуктан, айрым жайлардагы жарандардын тамак-аштан уулануусу катталууда.
“Бул маселеде жарандардын көмөгү зарыл. Эгер кимдир бирөө санитардык абалы начар ашкана-кафелер жөнүндө министрликке маалымдаса, анын негизинде текшерүү жүргүзүүгө болот. Ал эми коркунуч жараткан тамактануучу жайларга бир жылда төрт жолудан текшерүү жүргүзүүгө укугубуз бар. Бирок ал тиешелүү министрликтин уруксаты менен гана”,- деп кошумчалайт Б.Исмаилова.