Майрамдык иш-чаралардын учурунда коомдук тартипти 1500дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Бишкекте 8-9-май күндөрү майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн абалда иштейт. Коомдук тартипти Бишкек гарнизонунун 1560 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө көңүл ири иш-чаралар өтүп жаткан “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянтына, "Аккула" ат майданына жана "Спартак" стадионуна бурулмакчы.

Аталган жайларга спирт ичимдиктерин, пиротехникаларды алып келүүгө, мас абалындагы адамдардын кирүүсүнө чектөө коюлат. Борбордун көчөлөрүндө жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо максатында Кайгуул-күзөт кызматынын жана Жол-кайгуул кызматынын кошумча бөлүктөрү, түнкү жана күндүзгү режимде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери тартылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан