Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып турушат

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев 7-майда болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

Бакир Жолчиевдин берген маалыматына ылайык, азыркы учурда окуя болгон аймакта укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып турушат. Ал эми тергөө органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо, окуянын себептери боюнча тергөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай чагымчыл аракеттердин алдын алуу боюнча иш алып барышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан