Бүгүн, 8-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркендек айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Айыл тургундары тарабынан коюлган негизги талаптар: чек ара ара маселесин тез арада чечүү, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана сот жообуна тартуу. Ошондой эле тажик тараптан чагымчыл аракеттерди жасаган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу да негизги талаптардын бири болду.