Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканада бейтаптын курсагынан салмагы 14 килограммдан ашуун киста алынды

Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканадан бейтаптын курсак жайынан 14,5 килограммдык киста (сары суу же ириң толуп калталанган шишик) алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев билдирди. 

“Ооруканабыздын хирургия бөлүмүнө ичи аябай чоңоюп кеткен 50 жаштагы арык чырай аял кайрылган. “Ичим чоңоюп кетип, оорутуп жатат” деген айымдын айтымында, ичи акыркы 3-4 айдан бери чоңоюп, соңку эки күндөн бери оорутуп келген. Бейтаптын ичин ультрадобуштук изилдөөдөн өткөргөндө курсагында көлөмү чоң киста бар экени аныкталган”,- дейт А.Мусаев.    

Бейтап тиешелүү даярдыктардан өткөн соң ага операция жасалды. Анын курсагынан 14,5 килограммдык шишик алынды. Бир жумадан кийин ал үйүнө чыгарылган.

“Өзү арык келген аял 15 килограммга жакын кистаны кантип көтөрүп жүргөнүнө таң калдык. Мынчалык чоң көлөмдөгү киста боюнча биринчи жолу операция жасалды. Буга чейинки жасалган операциялардагы кисталардын салмагы 1 килограммга жеткен эмес. Көбүнүн салмагы 200-300 граммды гана түзүп келген", - деп кошумчалады А.Мусаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
fea1990
2014-05-08 13:15:57
о кудай
0
peri...97
2014-05-08 13:23:31
Тоообо десе
-1
MES
2014-05-08 13:28:07
омурун берсин ден-соолукту караш керек элдеер
башка улуттар ооруканага бир жерим ооруп жатат деп кайрылышса кээ бирлер олуп жатам деп кайрылышат экен
+1
Nurgul76
2014-05-08 14:51:18
Шыпаасын берсин женилдеп ох деп эле жатып калгандыр.
+2
Stern
2014-05-08 17:21:08
№1 шаардык клиникалык ооруканасынын врачтары Акылбек Инаятовичке жана Болот Нуралиевичке таазим! Мени да 2 ай мурда операция жасашкан. Колдору женил, ооругандарга жумшак мамиле жасаган, кесибин бизнес кылбаган алдынкы врачтар!!! Эч качан оорубаныздар жана коп жарандардын батасы кабыл болсун!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан