Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу "Карнеги-холлдо" дебюттук жеке концертин берет

Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков 16-майда Нью-Йорктогу "Карнеги-холл" концерттик залында дебюттук жеке концертин берет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда  "Kyrgyz Club" уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Азамат Сыдыков Борбордук музыкалык мектептин доценти А.Рябованын классынын жана П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын бүтүрүүчсү. Учурда АКШда жашап, профессор П.Доковскийден сабак алууда. Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси.
Алгачкы концерти тууралуу Азамат "Азыр аябай толкунданып жүргөн кезим. «Карнеги-холлдо» концерт койгон алгачкы кыргызстандык мен болсом керек. Бир журналист мага "Эмне жөнүндө кыялданасыз?" деп суроо узатканда, "Карнеги-холлдо" концерт койсом..." деп жооп берген элем. Бул концерт менин музыкалык карьерамдын башталышы десем болот" деп билдирген.   
Белгилей кетсек, Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Карнеги-холл" классикалык музыкаларды аткарууга ылайыкталган дүйнөдөгү эң престиждүү концерттик зал болуп эсептелет. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jurnalist.kg
2014-05-08 12:40:37
Алга Кыргызстан!
0
taalai.torkent
2014-05-08 13:03:54
баракелде!
0
Мэри
2014-05-08 13:04:31
Жаңылбасам, Аскар Акаевдин убагында президенттик стипендиат болгон, "Мээрим" фондусунун колдоосу менен жакшы эле таанылган.
Таштап салбай улантып кеткени, ушундай деңгээлге жеткени кубантат.
+1
Саби
2014-05-08 13:31:01
Ооба Жал кичи районунан квартира берилгенде апасы аябай суйунгону эсимде.Ага чейин жатаканада жашашчу.Апасы да музыка адамы атасы да менин угушумча белгилуу адамдардын бири композитор.
+1
aikol87
2014-05-08 15:53:28
Ийгилик.Жакшы откоруп ал!
0
universal
2014-05-08 23:20:12
Мекенибизди саясий окуялар менен эле эмес ушундай таланттар менен да таанытканы аябай кубандырат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан