7-май күнү Кыргыз мамлекеттик циркинде маалыматтык-тарыхый музей ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргыз циркинин кызматкери
Сергей Румянцев билдирди.
Анын айтымында, аталган музей цирктин 2-кабатындагы фойеден орун алган. Анда артисттердин буга чейин колдонуп келген буюмдары, кийген костюмдары, жетишкендиктерин чагылдырган сүрөттөр, дипломдор коюлган.
"Кыргыз циркинин тарыхы абдан кызыктуу. Цирктин буга чейинки техникалык абалын да бул музейге коюлган сүрөттөрдөн көрүүгө болот",- дейт цирктин кызматкери.